Күрөөсүз насыя «Блиц»

Image

Күрөөсүз насыя «Блиц»

Биздин күрөөсүз насыясыбыз каалаган максаттар үчүн – бул керектөөчүлүк муктаждыктарын эч кандай ашыкча түйшүксүз ишке ашырууну каалаган жарандар үчүн эң ылайыктуу чечим. Насыянын суммасы 10 000 сомдон 300 000 сомго чейин, төлөө мөөнөтү 3 айдан 36 айга чейин. Керектүү каражатты күрөө талап кылбастан алыңыз — бир гана адамдын кепилдиги жетиштүү!

Биздин күрөөсүз насыянын артыкчылыктары:

 

  1. Ийкемдүү шарттар: Насыянын суммасы 10 000 сомдон 300 000 сомго чейин, ал эми мөөнөтү 3 айдан 36 айга чейин, сиздин каржылык мүмкүнчүлүктөрүңүзгө жараша ыңгайлаштырууга мүмкүнчүлүк берет. 
  2. Жөнөкөй алуу жол-жобосу: Карыз алуу өтүнүчү 2 иш күнүнүн ичинде каралат. Биз сиздин убактыңызды баалайбыз жана насыя алууну мүмкүн болушунча жеңил жана тез кылабыз. 
  3. Жеткиликтүү пайыздык чендер: Жылдык чен 25% баштап, ал эми айлык маяна долбоорунун катышуучулары үчүн болгону 20%. Бул биздин насыяны сиз үчүн өзгөчө пайдалуу кылат. 
  4. Минималдуу талаптар: Биз кирешени тастыктоонун ар кандай түз же кыйыр ыкмаларын кабыл алабыз – мисалы, банктан көчүрмө, жумуш ордунан маалымкат ж.б. Бул насыя алуу жол-жобосун жөнөкөйлөтөт.
  5. Күрөөсүз шарттар: 150 000 сомго чейин болгон суммага күрѳѳ талап кылынбайт, ал эми андан жогорку суммаларга тастыкталган кирешеси бар бир кепил жетиштүү.
  6. Аннуитеттик төлөѳ тартиби: Сиз ар бир айдагы төлөнүүчү так сумманы алдын ала билесиз – бул жеке бюджетиңизди туура пландаштырууга жардам берет.

Биздин күрѳѳсүз насыя менен кыялыңызды ишке ашырууга мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбаңыз!

Кененирээк маалымат жана кеңеш алуу үчүн биздин банкка кайрылыңыз:

+996 (702) 12-05-00, +996 (554) 75-07-51, же болбосо офисибизге келип кетиңиз, биз сизге жардам берүүгө даярбыз!

«Блиц» насыясынын толук шарттары:

Насыянын аталышы

Күрөөсүз; 1 адамдын кепилдиги менен

Сиз насыяны тѳмѳнкү максаттар үчүн ала аласыз

Ар кандай керектөө максаттары үчүн

Кимге берилет

Физикалык жактарга

Карыз алуучунун аш курагы

18 жаштан 65 жашка чейин

Насыянын суммасы

10 000 сомдон 300 000 сомго чейин

Мөөнөтү

3 айдан 36 айга чейин

% чен

Жылдык 25% – 27%

Банктагы айлык маяна долбоорунун катышуучулары үчүн % чен

Жылдык 20%

Кирешени тастыктоо

 

Кирешенин ар кандай түз же кыйыр тастыктоо түрлѳрү (Түндүк порталынан кѳчүрмѳ, жумуштан маалымкат, банктан эсеп  көчүрмөсү ж.б.)

Банктын айлык маяна долбоорунун катышуучулары үчүн׃ «ЕСБ» картасына 1 жолу түшкөн каражат же акыркы 3–6 айдагы карта көчүрмөсү

Күрөө камсыздоосу

1) 150 000 сомго чейин – күрөөсүз; 150 000 сомдон жогору – кирешеси бар 1 кепил.

2) Банктын айлык маяна долбоорунун  катышуучулары үчүн 200 000 сомго чейин күрөөсүз; 200 000 сомдон жогору – кирешеси бар 1 кепил.

Насыяны тѳлѳѳ тартиби

Аннуитеттик граффик боюнча

Карап чыгуу мөөнөтү

2 иш күнүнөн ашпайт