ЖАҢЫЛЫКТАР

Урматтуу кардарлар жана кесиптештер!

Урматтуу кардарлар жана кесиптештер!

 Улуттук валюта — сом күнү менен куттуктайбыз жана Банктын кызматкерлеринин күнү! Бул күн банктар үчүн гана эмес, Кыргызстандын бардык жарандар үчүн маанилүү, анткени сом биздин мамлекеттүүлүгүбүздүн, эгемендүүлүгүбүздүн жана туруктуулугубуздун символу болуп саналат.

Сом биздин каржы системабыздын негизги элементи. Биз каржыны ишенимдүү, экономиканы туруктуу кылууга умтулабыз. Банк кызматкерлерине алардын кесипкөйлүгү, чыдамкайлыгы жана жоопкерчилиги үчүн ыраазычылык билдиребиз. Сиздер биздин каржы системабыздын таянычысыздар.

Ар бириңиздерге бекем ден соолук, эртеңки күнгө ишеним жана жаңы жеңиштерди каалайбыз. Сом ар дайым күчтүү жана туруктуу болсун.

Кыргыз Республикасынын жарандары!

Евразиялык Сактык Банкы сиздерди 9-Май – Улуу Жеңиш күнү менен чын жүрөктөн куттуктайт.

Бул күн тарыхта миллиондогон адамдардын баатырдыгынын, туруктуулугунун жана жан аябастыгынын символу болуп кала берет. Алар зор күч-аракети менен биздин келечек муундарыбыз үчүн тынчтыкты сактап калышты. Биз ата-бабаларыбыздын, мекенибиздин эгемендигин коргоп калган эрдигине жана баатырдыгына таазим кылабыз.

Бардыгыңыздарга тынчтык, жакшылык, саламаттык жана бакубат жашоо каалайбыз. Баатырлардын жаркын элеси түбөлүккө сакталып, башыбыздагы асманыбыз тынч болсун.

Кыргыз Республикасынын Конституция күнү менен куттуктоо

 Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары!

Евразиялык Сактык Банкы сиздерди 5-майда белгиленип жаткан Кыргыз Республикасынын Конституция күнү – мамлекеттик эң маанилүү майрамдарынын бири менен чын жүрөктөн куттуктайт.

Конституция – бул суверенитетибизди, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин бекемдеген, ошондой эле өлкөбүздүн өнүгүү жолдорун аныктаган негизги документ. Бул күн биздин коомубуздун негизин түзгөн баалуулуктарга: адилеттүүлүккө, мыйзамдуулукка жана биримдикке эскертүү болуп саналат.

Сиздерге бекем ден соолук, тынчтык, ынтымак жана бакубат жашоо каалайбыз. Туруктуулук жана келечекке болгон ишеним ар бир кыргызстандыктын жашоосунун ажырагыс бөлүгү болсун. Өлкөбүздүн мындан ары да гүлдөп өнүгүшүн каалайбыз!

1-май – Эмгек майрамы кут болсун! 

 

Бул күн бизге эмгектин жана жашообузга, жумушубузга салган күч-кубаттын маанилүүлүгүн эскертет. Ар бир кадамыңыз ийгиликтүү болуп, эмгегиңиздер кубаныч жана ырахат алып келсин. 

Сизге бекем ден-соолук, шыктануу жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз!