Айтыңыз маарек болсун!🌙✨
Сиздерге ден соолук, бакыт, молчулук жана бардык жакшылыктардын ишке ашышын каалайбыз. Үйлөрүңүздөр кубанычка, жүрөктөрүңүздөр жылуулукка жана ишенимге толсун!
Урматто менен, АКК “Евразиялык Сактык Банк”
Телефондук байланыш аркылуу интернеттеги кибер кылмыштар тилекке каршы кыргызстандыктардын турмушунда көбүрөөк пайда боло баштады. Тилекке каршы, эл мурдагыдай эле өзүнүн санариптик маалыматтарына көңүлкош мамиле жасашып, кибер алдамчылардын кайырмагына илинип жатышат.
“Евразиялык сактык банкы” ААКунун адистери банктык чөйрөдөгү алдамчылыкты кантип билип жана өзүн коопсуздандыруу тууралуу айтып беришти.
Колдонуучуларды көбүнчө кантип алдап жатышат?
Бүткүл дүйнөдө накталай эмес төлөмдөрдүн саны күн сайын өсүп жатат. Бул ошондой эле алдамчылык операциялардын саны дагы өсүп жаткандыгын билдирет. Алдамчылардын тынымы жок, алар күн сайын иштеп жатышат.
Бардыгынан көп алдамчылар “Банкалык карталарды чыгаруу жана тейлөө боюнча келишимдин” шарттарын бузууга алып келүүчү схемаларды пайдаланышат, атап айтканда, SMS кабарлоолордон коддорду тастыктоочу карталык же жеке маалыматтарды, логиндерди же паролдорду билдирүүгө сизди мажбурлашат.
Алдамчылар өздөрүн банктын же укук коргоо органдарынын кызматкерлери катары тааныштырышат, коркутуучу техникаларды колдонуп, коопсуздукту камсыз кылууну шылтоо кылуу менен картадан каражаттарды чыгарып кетишет.
Алдамчылар кандай ыкманы колдонушат?
Алдамчылар өз схемаларын жыл сайын алмаштырышат. Эгерде эки жыл эле мурда бир ыкманы колдонушса, азыр болсо башкаларын колдонуп жатышат.
Азыркы алдамчылыктын эң эле тараган ыкмасы – вишинг деп аталат.
Кылмышкер ири суммадагы акчаны которуу тууралуу маалыматты тактоо сунушу менен курмандыктын банктык эсебине жеткиликтүүлүктүн реквизиттерин билип алат жана ал жактагы бардык акчаларды чыгарып кетет. Бул учурда тездикке, курмандыктын эч нерсеге түшүнө албай калган дабдырап калуу абалына, кылмышкердин коммуникативдик ынанымдуулугуна таянышат.
Вишингдин кандай түрлөрү болот?
- Алдамчы соода аянтчасындагы товар жөнүндө чалып, алдын ала төлөм менен иш кылууну сунуш кылышы ыктымал;
- Алдамчы банктык кызматкермин деп өзүн тааныштырып, конфиденциалдуу маалыматтарды ала баштайт;
- Алдамчы курмандыктын тууганы ооруканада жана анын өмүрүн сактап калуу үчүн финансы керек деп билдирет.
Евразиялык сактык банкында сиз ыңгайлуу пайыздык чен менен ипотека насыясын ала аласыз ?
- Пайыздык чен-жылдык 19%
- Ипотеканын суммасы-10 000 000 сомго чейин
- Мөөнөтү-60 айга чейин
- Кароо мөөнөтү-5 жумушчу күндөн ашык эмес
Натыйжалуу пайыздык чен 20,74% баштап%
Евразиялык Сактык Банкы менен кыялыңыздагы үйгө кадам таштаңыз
Кредиттик бөлүм:
+996 705 20 10 30
+996 554 75 07 51
Сиздерди келе жаткан Жаңы жылыңыздар менен куттуктайбыз! Сиздерге чың ден соолук, баштаган иштериңиздерге ийгилик жана эң асыл тилектериңиздердин орундалышын каалайбыз. Сиздердин ишенимиңиздер үчүн ыраазычылык билдиребиз жана бул жыл бою сиздер менен бирге болгонубузга кубанычтабыз. 2026-жыл жаңы жетишкендиктердин, кызыктуу демилгелердин жана жаркын окуялардын жылы болсун.
Банк 2025-жылдын жыйынтыгын чыгарат
2025-жыл биздин банк үчүн маанилүү жыл болду. Ал тейлөө сапатын жакшырткан жана кардарларыбыз үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейткен бир катар олуттуу жетишкендиктер жана жаңылыктар менен эсте калды.
Visa карталарын ишке киргизүү
Visa карталарынын ийгиликтүү ишке киргизилгендигин сыймыктануу менен билдиребиз. Бул биздин кардарларга көбүрөөк финансылык мүмкүнчүлүктөрдү жана эсептешүүлөрдө ыңгайлуулукту берди.
Кеңселерди жаңылоо
Бул жылы биз кеңселерибизде масштабдуу оңдоо иштерин жүргүзүп, аларды кардарлар үчүн кыйла ыңгайлуу жана эргономикалык кылдык. Жакшыртылган атмосфера келүүчүлөргө тейлөө учурунда өздөрүн жайлуу сезүүгө мүмкүндүк берет.
Автокредиттөөнү ишке киргизүү
Бул жылы банкыбыз кардарлар үчүн жаңы горизонтторду ачкан автокредиттөө программаларын ишке киргизди. Биз унаа сатып алуу процессин жеткиликтүү жана ыңгайлуу кылууга умтулдук. Кредиттөөнүн ийкемдүү шарттары жана ар бир карыз алуучуга жеке мамиле жасоо аркылуу көптөгөн адамдарга өздүк унаа кыялын ишке ашырууга жардам бердик. Биздин кесипкөй адистер командасы атаандаштыкка жөндөмдүү пайыздык чендерди жана кредитти тариздөөнүн жөнөкөй процедурасын сунуштоо үстүндө иштешти. Бул кызмат кардарларыбыздын финансылык туруктуулугуна маанилүү кадам болоруна ишенебиз. Кийинки жылда жаңы ийгиликтерди чыдамсыздык менен күтөбүз!
Тейлөөнү жакшыртуу
Биз кардарларга Банк менен максималдуу ыңгайлуу жана натыйжалуу иштешүүнү камсыз кылуу үчүн кызматтарыбызды жакшыртууну улантабыз. Бардык кызматкерлерге алардын тырышчаактыгы жана ишине берилгендиги үчүн, ал эми кардарларыбызга — ишеними жана колдоосу үчүн ыраазычылык билдиребиз. 2026-жылы бизди жаңы мүмкүнчүлүктөр жана жетишкендиктер күтөөрүнө ишенебиз!
Биздин жаңылыктарды байкап туруңуз жана биз менен болуңуз!
