Евразиялык Сактык Банкы сиздерди 9-Май – Улуу Жеңиш күнү менен чын жүрөктөн куттуктайт.
Бул күн тарыхта миллиондогон адамдардын баатырдыгынын, туруктуулугунун жана жан аябастыгынын символу болуп кала берет. Алар зор күч-аракети менен биздин келечек муундарыбыз үчүн тынчтыкты сактап калышты. Биз ата-бабаларыбыздын, мекенибиздин эгемендигин коргоп калган эрдигине жана баатырдыгына таазим кылабыз.
Бардыгыңыздарга тынчтык, жакшылык, саламаттык жана бакубат жашоо каалайбыз. Баатырлардын жаркын элеси түбөлүккө сакталып, башыбыздагы асманыбыз тынч болсун.
